Бишкекте 15-майдан тарта №227 автобус каттай баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.
Автобус “Ак-Ордо” конушунан жана Көк-Жар конушуна чейин каттайт. Бул линияда жалпы 20 автобус каттамга чыгат. Тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.
Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.