Бишкекте өспүрүм кыз 12-кабаттан кулап көз жумду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, бүгүн, 10-январда саат 8:41де Т.Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ал 16 жаштагы К.Н. аттуу кыз экени аныкталган. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иштер башталды.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды.