"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте 1 күн ичинде 6 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июнунда республика боюнча жалпы 18 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылды.

Өрт кырсыктарынын эң көбү Бишкек шаарында катталып, бир күндө алты ирээт өрт чыккан. Ал эми Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2, ал эми Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 жолу чыгуу болду.