Суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкекте ичүүчү сууну колдонгон 100гө жакын объектке таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ленин районунда 35 объект суу берүү токтотулду, буга чейин 48 объект ишин токтоткон. Октябрь районунда 11 объектиде суу өчүрүлдү.
«Буга чейин ичүүчү сууну өчүрүү тууралуу эскертүүлөр абоненттерге таратылган» деп билдиришти аталган ишканадан.
Май айынын аягынан баштап Бишкектин көпчүлүк аймагында таза суу чыкпай, тургундар нааразычылыгын билдирип келишүүдө.
Бишкектеги таза суу маселесин бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Депутаттын айтымында суунун өчүрүлүшүнө нааразы болгон жарандар жакында көчөгө чыгат.