"Эркин-Тоо"

Бишкекте 100дөн ашык автобустун айдоочусу экзамен тапшыра алган жок

Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежеси боюнча экзаменден өтө алган жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Экзаменге 222 айдоочу катышып 98си ийгиликтүү тапшырган.

Сынак жол коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жол кырсыктарды болтурбоо жана автобус айдоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулду. Андан өтпөй калгандар кайрадан тапшырышат.