Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.
Белгилей кетсек, светофорлор шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.
Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:
1.Усенбаев — М. Куренкеев көчөлөрүнө;
2.Ахунбаев — Тагай Бий көчөлөрүнө;
3.Киев — К. Акиев көчөлөрүнө;
4.Москва- К. Акиев көчөлөрүнө;
5.Осмонкул-Куренкеев көчөлөрүнө;
6.Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
7.Фучик — С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
8.Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
9.М. Горький — К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
10.Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
11. Профессора Зимы-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп
Ошондой эле, бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:
1.Л. Толстой — М. Достоевский көчөлөрүнө;
2.Уметалиев — Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
3.Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
4.Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
5.Медеров — К. Тыныстанов көчөлөрүнө.
Транспорт департаменти кесилиштерде 7 транспорттук светофор объектисин курууга конкурс жарыялады:
1.Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
2.Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
3.Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
4.Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
5.Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
6.И. Ахунбаев — К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
7.Л. Толстой — М. Ауэзов көчөлөрүнө.
Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.