"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Бишкекте 17 аттракциондуу оюн-зоок паркы ачылды

Бишкек шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жаңы «Sky Park Baytik» оюн-зоок паркынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага МинКабдын Төрагасы Адылбек Касымалиев, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана жаш бөбөктөр катышты.

Парктын ачылышында төрага балдарды майрамы менен куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан сейил бактар жана коомдук жайларды куруу иштери улантылып жатканын айтты.

«Sky Park Baytik» долбооруна 1 миллиард сомго жакын жеке инвестиция тартылып, 4,5 гектар аянтты ээлеген паркта 200 жумушчу оруну түзүлдү. Анын ичинде 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) орун алды.

Парктын ачылышында балдарга Президенттин атынан белектер тапшырылды.

Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулат.