"Эркин-Тоо"

Бишкекте 20-июндан баштап батут иштетүүгө тыюу салынат

Сейил бактарда жана сейилдөө аймактарында балдар ойноочу батуттар пайда боло баштады, бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

2022-жылдын 20-июнунан баштап Биринчи май районунда белгиленбеген жерлерде: сейил бактарда, гул зарларда, тротуарларда, бульварларда батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирет.

Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 71-б «Белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө» буйругуна ылайык көрүлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!