Бишкекте 10-февралдан тарта Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Байтик-Баатыр көчөсүнөн 20 кичи автобустук каттамдын (412 кичи автобус) кыймылы толугу менен альтернативдүү көчөлөргө багытталат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Эскерте кетсек, аталган аймактагы кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча иш-чаралар борбор калаанын көчөлөрүндө жүрүп жаткан маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.
Өзгөртүү төмөнкү каттамдарга таасир этет: №295, №257, №252, №246, №243, №225, №208, №202, №201, №199, №172, № 164, № 163, № 150, № 136, № 130, № 121, № 118, № 117, № 101.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү тыгындарды жоюу максатында учурдагы маршруттук түйүндү оптималдаштыруунун алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:
1. Кичи автобустар токтоп калды: 426 даана.
2. Чүй проспектисинен 35 кичи автобусттук каттам (970 кичиавтобус) чыгарылып, алар экинчи катардагы көчөлөргө багытталды.
3. 23 автобустук каттам ишке киргизилип, анын ичинен 14 маршруттук такси автобустарга алмаштырылды.