"Эркин-Тоо"

Бишкекте 22-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка  борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Суу жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында өчүрүлмөкчү.