"Эркин-Тоо"

Бишкекте 22 жаштагы бала бычакталды

Кечээ, 28-июнда Бишкек шаарында 22 жаштагы жигитти белгисиз адамдар бычак менен сайып кетишкен. Бул тууралуу редакциябызга күбөлөр билдирди.

Анын айтымында, Red Center соода борборунун жанында үч белгисиз адам унпадан түшүп, жогоруда айтылган жигит менен бир нече убакыт сүйлөшүп, бир аздан соң аны бычак менен сайып, кетип калышкан. Жаракат алган бала соода борбордун кызматкери болчу.

Бул малыматты Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 19:00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Red Center соода борборунун жанынан адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 2000-жылы туулган А.К. аттуу жигит белгисиз адам менен уруша кетип, сол санына бычак жегендиги аныкталган.

Аталган факт Свердлов РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

А.К. ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк арыз жазуудан баш тарткан. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!