"Эркин-Тоо"

Бишкекте 30 млн доллар киреше убада кылып 150 миң доллар алган орус жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

РИИБдин маалыматына караганда, 15-июль күнү М.Д. атту жаран милицияга кайрылып, ал 2020-жылдын 24-сентябрында Д.А.нын банктык операциясына салуу үчүн андан 150 миң доллар алып кеткендигин айткан. Бул үчүн ал 30 миллион доллар киреше убада кылган.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныктап, кармашып, ал Орусиянын жараны 1976-жылы туулган Д.А. экени аныкталган. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Милиция ушул сыяктуу кылмыштардан жабыркагандар жана маалыматы барлар 0559 102 855, 0704 459 999 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!