"Эркин-Тоо"

Бишкекте 33 миң 200 доллары бар сейфти уурдагандар кармалды — ВИДЕО

Бишкекте милиция уурулукка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-февралда Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 22-февралда бухгалтердин кабинетине кирип, 30 миң сомдук темир сейфин ичиндеги 33 миң 200 доллары, документтери менен уурдап кеткен жаранды табууну суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1994, 1998, 2001-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Далил катары 31 миң 700 даллар табылган. Ал эми темир сейф Чоң Чүй каналынан чыгарылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!