Бишкекте миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 37 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 431-беренеси «Чет элдик жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик жүрүү эрежелерин бузуусу» боюнча протокол түзүлдү.
Алардын 14ү Пакистандын, 23ү Бангладештин жарандары экени аныкталды. Учурда чет элдиктерди чакырган жеке же юридикалык жактар такталууда.
2024-жылдын үч айында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталган. Бардык чогултулган материалдар сотко жөнөтүлгөн.
Жалпысынан бул убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдары тармагында 6 миң 80 мыйзам бузуу аныкталган. Мындай мыйзам бузуулар үчүн салынган айыптын суммасы 19 млн 97 миң сомду түзөт.