"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Бишкекте «5 кадам» фестивалы болуп өттү

Бишкек шаарындагы «Дасмия» этно-борборунда ата-энелер үчүн  «5 кадам» фестивалы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева жана Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Министр ар бир баланын ийгиликтүү өсүп-жетилүүсүндө ата-эненин ролу чоң экенин белгилеп, мындай фестивалдар үй-бүлөлүк баарлашууну жана бала менен ата-эненин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталганын айтты.

Фестивалдын алкагында ата-энелер жана балдар үчүн мастер-класстар, интерактивдүү сабактар уюштурулуп, адистерден пайдалуу кеңештер берилди.

Белгилей кетсек, фестиваль «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, сынактардын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.