Бишкектеги Каражыгач токоюнда экстремалдык тоскоолдуктарды камтыган «Baatyr Race» жарышы болуп өттү. Иш-чарага Казакстан жана Өзбекстандан келген спортчулар менен кошо жалпысынан 500дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында 70 команда жана 300гө чукул жеке катышуучу болду.
«Baatyr Race» жарышынын өзгөчө бөлүгү тоскоолдуктар тилкеси болду. Бул жерде катышуучулар өздөрүнүн физикалык жана моралдык сапаттарын сыноого алышты.
Тоскоолдуктар төмөнкүлөрдөн турду:
•Тосмолор
•Тордун алдынан соймолоп өтүү
•Аркандардан жасалган «Өрмөк»
•«Эверест» (аркандар менен чыгуу)
•Туннель жана башка тоскоолдуктар.
Мелдешти Бишкек мэриясынын спорт бөлүмү жана Экстремалдуу Атлетика Федерациясы уюштурду. Жарыштын соңунда бардык катышуучуларга медалдар, ал эми жеңүүчүлөргө баалуу жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

