Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында кызмат өтөгөн 77 аскер кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Чек арачыларга батирлердин ачкычын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Турак жайлар «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында Маликов көчөсүндөгү «Мурас Ордо» турак жай комплексинен берилди.
Мекеме маалымдагандай, акыркы беш жыл ичинеде жалпысынан 570тен ашуун чек арачы үйлүү болгон жана бул иштер чек ара кызматынын шартын жакшыртып, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган.



