Бишкек шаарындагы Мичурин көчөсү, 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайда мыйзам бузуулар аныкталып, “Стальмонтаж плюс” ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдери, коопсуздук эрежелери жана мыйзам талаптары сакталбаганы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, компанияга 35 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма эскертүү берилди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, эгер белгиленген мөөнөттө эскертүү аткарылбаса, кошумча административдик чаралар көрүлөт.

