Синоптиктердин маалыматына ылайык, аптанын экинчи жарымында Бишкекте аба ырайы кайрадан кескин өзгөрүп, жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, +18 градуска чейин болот. Күндүз жамгыр жаайт, бирок +28 градуска чейин жылуу болот.
17-майда күн бою жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн + 14, күндүз + 28 градуска чейин жетет.
18-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт жана +14 градуска чейин болот. Күндүз жаан жаайт.
19-майда Бишкекте күндүз да, түнкүсүн да маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн + 14, күндүз + 23 градуска чейин жетет.
20-21-майда туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.