"Эркин-Тоо"

Бишкекте абанын сапаты жакшырды. Себеби…

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Бишкекке жаңы автобустар келгенден бери абанын сапаты жакшырганын билдирди.  Анын айтымында, борбор калаага миң экологиялык таза автобустар алып келинген. Автобустар каттамга чыккандан бери 100 тоннадан ашык дизель отуну колдонулбай калган.

Ошондой эле Асел Раимкулова абанын булгануусун алдын алуу үчүн Бишкек санитардык полигонундагы таштандылардын күйүүсү толугу менен өчүрүлүп, 5 гектар жерге 3 миң түп көчөт отургузулганын билдирип,  «Мындай чаралар аркылуу январь айындагы жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдө зыяндуу заттардын көлөмү 9 эсе төмөндөгөн. Бишкек шаары менен Чүй облусунун 52 жаңы конушу газдаштырылды. 25 миң 883 үйдүн 19 миңден ашыгынын от казаны газга туташтырылды”, — деп кошумчалады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!