Үстүбүздөгү жылдын 17-19-октябрында Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо-2025» айыл чарба көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык технологиялар, үрөн жана жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлөт. Ал эми азык-түлүк жарманкесинде жашылча-жемиштер сатылат.