"Эркин-Тоо"

Бишкекте айдоочу жол жээгинде турган адамды сүзүп кеткен

Бишкектеги Анкара-Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit жеңил унаасынын айдоочусу жол жээгинде турган адамды сүзүп кеткен. Окуя бүгүн таңкы саат 06:30да катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, автоунаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жол жээгинде турган 60 жаштагы К.М., аттуу эркек кишини сүзүп кетип, ал окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда автоунаа айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!