Бишкекте 8-9-ноябрда социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жарманке 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш күндөрү өткөрүлүп турат. Ал Т.Усубалиев атындагы аянтта, И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

