Бишкек шаарында «Ак-Кула» ат майданын куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мурда курулуш үчүн башка аймак каралган, бирок кийин ылайыктуу жер табылып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Курулушту баштоо маселеси Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте макулдашылары айтылды.

