Бишкекте Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.
Транспорт департаменти көпүрө курууга 128 миллион 687 миң сом багыттайт.
Объект дарыянын Жибек Жолу проспектиндеги тилкесинде жылдын аягына чейин салынат.
Белгилей кетсек, бул тилкеде азыр көпүрө бар, бирок муниципалитет буга чейин аны кеңейтүү керектигин айткан.