"Эркин-Тоо"

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин ыкчам тобу бир катар алдамчылыкка шектүү жаранды (аял киши) кармады.

РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 3-январында арыз менен кайрылган К.М. (эркек киши) 2022-жылдын 25-декабрында «А» аттуу аял кишиге 250 миң рубль бергенин айткан. Бул каражатка өсүмдүк майын бериши керек болчу. Бирок ошол бойдон дайынсыз болуп кеткен.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен козголгон клымыш иштин алкагында 1988-жылы туулган А.А. шектелип кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандар үчүн милиция менен байланыш номуру: 0 (701) 99-99-14, 0 (709) 60-06-05, 0 (990) 05-50-77, 0 (550) 90-09-54 жана «102» кызматы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!