Бишкекте алдамчылыкка шектелип 65 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, пенсионер борбордун жашоочуларынын бирине «Анар-Абак» жаңы имаратында жайгашкан жер тилкесин сатууну убада кылган. Бирок 8 миң доллар алып, дайынсыз жоголгон.
«Октябрь райондук соту шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камап, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айга камакка алды», — деп айтылат маалыматта.
Тергөө кармалган адамдын бир катар кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.
Шектүүдөн жапа чеккендер болсо 0502441112, 0709084244 же 102 телефон номурлары менен байланышса болот.