Бишкек шаарында, «Бишкек Арена» муз майданында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири ийгиликтүү уюштурулду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Мелдеш Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясынын демилгеси менен, аталган агенттиктин колдоосу алдында өткөрүлдү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиадалык комитеттин президенти Умбеталы Кыдыралиев, дүйнөнүн жети жолку чемпиону, белгилүү мушкер Орзубек Назаров жана Япониялык промоутерлер катышты.
Турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Уганда жана Филиппиндин мушкерлери рингде таймашып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги беттештерди тартуулашты. Айрыкча, Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун профессионалдык рингдеги дебюту күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратты.
Спорттук кечеде ата мекендик ырчылар да өз өнөрүн көрсөтүп, турнирди концерттик программа менен коштоду.

