Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте аптанын экинчи жарымында аба ырайы туруктуу жана ысык болот. Түнкүсүн да температура жогору бойдон сакталат.
19-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы +23 градуска чейин көтөрүлсө, күндүз +40 градуска чейин ысышы мүмкүн.
20-июнда асманды ала булут каптаганы менен жаан жаабайт. Түнкү температура +22 градус, ал эми күндүзкү температура +33 градуска чейин жетет.
21-22-июнда күн ачык болот. Түнкүсүн +18 градус жылуу, күндүз болсо аба +36 градуска чейин ысыйт.
23-июнда аба ырайында олуттуу өзгөрүү болбойт, температура туруктуу бойдон калат.