"Эркин-Тоо"

Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын накталай алганы үчүн жумуштан алынды

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралып, жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Султанбек Жумаев, №36 каттамдын айдоочусу Макен Керимбаев , №195 каттамдын айдоочусу Дөөтгүл Мамбетов каттамдан алынды.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгы айтылган жана автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү эскертилген.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!