"Эркин-Тоо"

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте 7-майда автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кырсык бүгүн болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде орун алып, № 40 автобустун айдоочусу троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.

Белгиленгендей, автобус айдоочусу өзүн жаман сезип, буга байланыштуу рулга ээ боло албай калып жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 3 жүргүнчү жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук түрдө дарыланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!