Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда автогаз өлкөгө белгилүү өлчөмдө алып келинди, дагы көбүрөөк бөлүгү Казакстандын аймагында жолдо келе жатат.
“Бишкекте эле автогаз жетишсиз болуп жатат. Анткени, борбор калаада такси унаалары, коомдук транспорт, жеке унаалар газга өткөн. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында абал туруктуу ”, — деди Канатбек Эшатов.