"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Бишкекте Азия чемпионаты башталды

Бүгүн, 9-июлда, Бишкек шаарында 20 жашка чейинки спортчулар арасында (U-20) күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.

Кыргызстандын атынан килемге 5 балбан чыгат. Беттештер саат 10:30да башталса, финалдык таймаштар 18:00дө өтөт.

Жеңиш үчүн күч сынашып жаткан кыргыз балбандары жана алардын атаандаштары:

  • 55 кг: Кутман Кулбаев — Масатора Хонда (Япония) (¼ финал)

  • 63 кг: Эмирлан Дүйшөналиев — Сардор Холмурзаев (Өзбекстан) (⅛ финал)

  • 77 кг: Адилет Абыкеев — атаандашы кийинчерээк аныкталат (¼ финал)

  • 87 кг: Асылбек Ниязбек уулу — Хамидреза Мортеза Кешткар (Иран) (⅛ финал)

  • 130 кг: Таласбек Бообеков — Аболфазл Голамхоссейн Фатхитазанги (Иран) (¼ финал)