"Эркин-Тоо"

Бишкекте баңгизатты даярдоо лабораториясы табылып, шектүү катары чет элдиктер кармалды

УКМК Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-февралда баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышкан.

Тинтүү учурунда марихуана, “мефедрон” синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады. Андан соң ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан аталган баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, учурда республиканын аймагында синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун жана жайылтуунун өсүү тенденциясы байкалууда. Өзгөчө жаштар арасында улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна реалдуу коркунучтарды жаратарын эскертет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!