Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык Саламаттыкты сактоо башкармалыгы “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык өткөрүү жөнүндө” буйрук чыгарганын маалымдады.
Бир айлык 11-майдан 15-июнга чейин өткөүлмөкчү.
Ага ылайык, бүгүнтөн тарта шаардык саламаттыкты сактоо уюмдары турмуштук оор кырдаалга кабылган, баш калкалоочу жайларда, интернаттарда жашаган балдарды акысыз тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүшүүдө. Муктаж болгон балдарды көрсөтмөлөр боюнча кошумча ОМС программасы боюнча дары-дармектер менен камсыздоо иштери да башталды.
Бир ай бою балдарга медициналык жардамды шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, шаардык стоматологиялык поликлиникалар, балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору көрсөтөт.