Былтыр Бишкекте батирлер 13,3%га кымбаттаган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Алсак, 2024-жылдын январында баа чарчы метрине 84,6 миң сом деңгээлинде болсо, декабрга карата ал дээрлик 96 миң сомго чейин өскөн. Анын үстүнө 12 айдын тогузунда баа 90 миң сомдон жогору бойдон калган.