Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан борбор калаада жайгашкан базарлардын жана кичи базарлардын санитардык абалы жана көрктөндүрүлүшү текшерилди
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө жалпысынан 34 базар текшерилген.
Атап айтканда, «Дордой-Алкан», «Дордой-Аламүдүн», «Дордой-Жунхай», «Дордой-авто тетиктер», «Дософорт», «Евразия», «Чолпон», «Оберон», «Ак-Эмир», «Ак-Чүй» базарлары, «Шар-Чебер», «Берекет Гранд», «Берекет Универсал», «Реконс Баткен» ЖЧКсы, «Орто-Сай» базары, «Айни», «Тилек», «Көк-Жар», кичи базарлары, «Май кампасы» базары, «Курулуш» ЖЧК курулуш материалдар базары, мал базарлары – «Сары Суукан», «Кудайберген», «Ак май» базарлары текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 114 протокол түзүлүп, 50 чарбакер субъекттин өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу жүзүндө 22 билдирүү берилди.
Ушундай эле текшерүүлөр күчөтүлгөн тартипте улантылат.
Эскерте кетсек, КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында муниципалдык инспекциянын талаптарын аткарбаган адамдарга карата чаралар көрүлөт.