Бишкекте бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Биринчилик 21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта катышат:
- кыз-келиндер арасында эркин стиль — 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;
- эркектер арасында эркин жана классикалык стиль — 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг.