Бишкекте чоңдор арасында бильярддын «аралаш пирамида» түрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында «эркин пирамида» боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында «эркин пирамида» түрү боюнча мелдештер болсо, чоңдор арасында «аралаш пирамида» 27-февраль күнү башталып 2-мартка чейин уланат.
Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.