"Эркин-Тоо"

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам дагы эки мектептин окуучулары эвакуацияланды

Бишкекте жардыруу тууралуу маалыматтан улам дагы эки мектептин окуучулар эвакуацияланды. Алар Октябрь районунда жайгашкан №63 жана №17 мектептер экени айтылды.

Эске салсак, бүгүн, эртең менен КРСУнун юридикалык факультетине, ошондой эле №67 жана №33 орто мектептерине бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана саперлор иштеп жатат.

Билим берүү мекемелеринде жардыргыч зат бар экени тууралуу маалыматтар буга чейин январь жана март айларында да айтылган болчу. Бирок мындай телефондук террористтердин уюштуруучулары ушул күнгө чейин табыла элек.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!