16-майда Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкеге 40тан ашуун жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.
«Жумуш издеген жарандар бош жумуш орундары, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер, окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түшүнүк ала алышат», — деп айтылат маалыматта.