Энергетика министри Таалайбек Бишкекте быйыл кышында түтүн болбойт деп ишенет. Анткени министрдин айтымында жыл сайын Бишкектин отканалары газга өткөрүлөт, мэрия бул багытта жакшы иштерди жасаган. Экинчиден, дизель майы менен жүргөн бардык кичи автобустар борбордон чыгарылган.
Ошондой эле быйыл Бишкек Жылуулук электр борборунун 3-4-агрегаттарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, бардык фильтрлер жаңыланды. Эски ТЭЦтерде фильтрлер жыл сайын алмашып турат.
Министр буга чейин Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүндө Бишкек ТЭЦинин түтүндүн пайда болушуна кошкон салымы 10-15%ды гана түзөрү айтылганын эске салды.