Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү сунуш алгач Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен келип түшкөн. Шаардын экологиялык абалын эске алуу менен жаңы жылдык салюттан баш тартуу чечими кабыл алынган.
Эске салсак, 2023-жылды тосууда майрамдык салютка 750 миң сом сарпталган.