"Эркин-Тоо"

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылышы болду. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Тунгуч кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 миң 664ү 14 жашка чейинки балдар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!