Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, өлкөбүздүн жети дубанынан таланттарды чогулткан Дельфи оюндары уланууда. Ал шаардык мэрия, анын Маданият башкармалыгы жана Кыргызстандын Дельфи комитети тарабынан уюштурулууда.
Дельфи оюндарында Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жаштар өздөрүнүн таланттарын элге тартуулашып, өнөр салаасында жарышат. Ага 7 жаштан 25 жашка чейинки театр, музыка, бий сыяктуу чыгармачылык чөйрөдө жүргөн улан-кыздар катышат. Жеңүүчүлөргө ыраачылык каттар жана медалдар тапшырылат.
Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде башталган Дельфи оюндары 30-апрелге чейин уланат. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлүүдө.