"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелет

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдирүүсүндө, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда жеңишке жеткен партиялардын бири КЭДП (НДПК) партиясы «добуш сатып алууга» айыптаган документтердин негизинде четтетилип калганы үчүн, добуш берүүнүн жыйынтыгы кайрадан эсептелиши мүмкүн.
Себеби, БШКнын жобосунун негизинде, мыйзамдын бузулушуна байланыштуу партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып, кайрадан жети пайыздык көрсөткүч эсептелет. Бир партия чыгып кетип, калган уткан партиялар арасында бөлүштүрүлбөйт.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, эгер КЭДП партиясы мындай чечимге макул болбосо, үч күндүн аралыгында БШКга кайрылышы шарт.