Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн Ала-Тоо аянтында бирге белгилөөгө чакырды.
Саат 18:00дө башталчу иш-чарада чыгармачыл жамааттардын программалары менен катар, Иса Омуркулов, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина жана башка эстрада жылдыздарынын чыгармалары тартууланат.
Мэрия шаар тургундарын Эгемендүүлүк күнүн жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырды.

