Бишкектин Репина көчөсүндө жайгашкан турак үй менен гараждын дубалынын ортосунда кыпчылып калган киши куткарылды. Маалыматты ӨКМдан кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, окуя кечээ, 5-февралда болгон.
Анда 60-65 жаштагы эркек киши эс-учун жоготкон абалда чыгарылып, «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилген.
Жерине 5 куткаруучу тартылганы маалымдалды.