"Эркин-Тоо"

Бишкекте эл аралык «Кыргызстан EXPO 2023» көргөзмөсү ачылды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эл аралык «Кыргызстан EXPO 2023» универсалдуу көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

«Кытай, Россия, Индия, Германия, Иран, Монголия, Беларусь жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр өз продукцияларын коюшту. Бул ишкерлер үчүн өз ара аракеттенүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана бизнесин кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, экономика министринин орун басары Айнура Усенбекова жана бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ачты.

Көргөзмөнүн максаты ички жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүүгө, ошондой эле ишканалар менен мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!