Экономика министринин орун басары Санжар Болотов Бишкекте электр унааларын кубаттоочу станцияларды куруу жана өнүктүрүү максатында Меморандумга кол койду.
Келишим Кореянын EVSIS, Экологиялык унаа транспорту ассоциациясы жана NGS компаниялары менен түзүлдү. Алар Кыргызстан менен заманбап кубаттоочу станцияларды куруу, аба сапатын жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташат.
Мындан сырткары, Корея тарап Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте техникалык окутууларды жана стажировкаларды уюштурат. Бул жергиликтүү адистердин даярдыгын жогорулатып, кубаттоочу инфраструктураны тейлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.